«Конда Групп» ЖЧК — Кыргыз Республикасынын каттоодон өткөн консалтинг компаниясы. Жаш жана келечектүү команда катары биз бизнеске стратегияларды түзүүгө, процесстерди оптималдаштырууга жана операцияларды масштабдоого жардам беребиз
Директор жана негиздөөчү компьютердик технологиялар, программалык камсыздоону иштеп чыгуу, киргизүү, ишке ашыруу жана тейлөө жаатында консультативдик жана маалымат кызматтарын көрсөтүүдө чоң тажрыйбага ээ
Стратегиялык жана каржылык консалтинг
Бизнес-моделди талдайбыз, өсүү мүмкүнчүлүктөрүн табабыз, башкаруучулук жана инвестициялык чечимдерди негиздүү кабыл алууга жардам беребиз
ИТ жаатындагы маалымат кызматтары
Программалык чечимдерди толук даяр абалда түзөбүз — идеядан жана долбоорлоодон тартып, ишке киргизүүгө жана командага окутууга чейин
ИТ боюнча консалтинг
Сиздин бизнеске ылайык ИТ-чечимдерди тандоодо, киргизүүдө жана оптималдаштырууда кесиптик колдоо көрсөтөбүз
Долбоорлорду коштоп жүрүү
Туруктуу натыйжага жетүү үчүн долбоордун бардык баскычтарында техникалык жана методологиялык колдоо камсыз кылабыз
Биздин баалуулуктар
Партнёрдук
Биз кардарлар менен узак мөөнөттүү мамилелерди ишенимге, катышууга жана биргелешкен ишке негиздеп курабыз. Сиздин максаттар — биздин багыт
Экспертиза
Биздин команда — бул билимдин, практикалык тажрыйбанын жана тынымсыз өнүгүүгө болгон умтулуунун айкалышы. Биз чындап иштеген чечимдерди сунуштайбыз
Ачыктык
Коммуникациядагы жана иш алып баруудагы ачыктык — биздин өз ара аракеттешүүбүздүн негизи. Сиз ар дайым долбоор кайсы баскычта экенин жана эмне үчүн дал ошол жол менен аткарылаарын билип турасыз
Өсүш
Биз жөн гана кеңеш бербейбиз, чыныгы натыйжага жетүүгө умтулабыз. Сиздин бизнес өссө — биз да өсөбүз
Биз тармактык платформаларда үзгүлтүксүз катышабыз